2022-жылдын февраль айында О.Текеев атындагы жалпы билим берүү орто мектебинде англис тил жумалыгы болуп өттү. Англис тил жумалыгында өткөн иш-чаралардын негизги максаты окуучулардын англис тилине болгон таанып билүүчүлүк кызыгуусун өнүктүрүү, окуу процессинин алкагында гана эмес класстан тышкаркы иштердин учурунда дагы тилдик компетенцияларды, кругозорду жана чыгармачылыкты өнүктүрүү үчүн алардын ишмердүүлүгүн коммуникативдик агымга багыттоо.
Кымбаттуу окуучулар! Урматтуу ата-энелер, кесиптештер жана майрамдын коноктору!Мен чын жүрөктөн баардыгыңыздарды 1-сентябрь майрамыңыздар менен куттуктайм!Бул жаңы окуу жылынын башталышы, билим үчүн, эң жакшы баалар үчүн, ишенимдүү достор үчүн, жаңы бийиктиктерди багындыруу үчүн күрөштүн башталышы!