Бейшекеева Нурзада Муктарбековна буга чейин мектепти жетектеп келген Ашыкеев Бактияр Табылдиевичтин ордуна кызматка келди.
Бейшекеева Нурзада Муктарбековна 1984-жылдын 25-июлунда Панфилов районунун Букара айылында туулган. Эмгек жолун Панфилов районундагы Орозалы Текеев атындагы орто мектебинде иштөө менен баштаган. 2018-жылдан ушул убакка чейин мектептин директору болуп эмгектенет.
Ал учурда үй-бүлөлүү, 1 уулдун апасы.