Англис тили жумалыгы
2022-жылдын февраль айында О.Текеев атындагы жалпы билим берүү орто мектебинде англис тил жумалыгы болуп өттү. Англис тил жумалыгында өткөн иш-чаралардын негизги максаты окуучулардын англис тилине болгон таанып билүүчүлүк кызыгуусун өнүктүрүү, окуу процессинин алкагында гана эмес класстан тышкаркы иштердин учурунда дагы тилдик компетенцияларды, кругозорду жана чыгармачылыкты өнүктүрүү үчүн алардын ишмердүүлүгүн коммуникативдик агымга багыттоо. Англис тил жумалыгынын ачылышынын урматына мектептин жыйындар залында окуучулар жана мугалимдер катышкан иш-чара болду. Пландын негизинде коюлган ачык сааттар, класстан тышкаркы иш-чаралар өз убагында аткарылып абдан кызыктуу болду. Жумалыкта англис тилинде «Welcome to our English» деген темада 8-11-класстар ичинде дубал гезиттер чыгарылды. «I Love English» деген темада 3-6-класстардын окуучулары англис тилинде ырларды ырдашты. Ачык сабактарга жана класстан тышкаркы иш-чараларга активдүү катышкан окуучуларга англис тили мугалимдери тарабынан белектер берилип жумалык жыйынтыкталды. Англис тил мугалимдери туура мотивацияны түзө алуу менен бирге балдардагы чет тилин үйрөнүүгө болгон кызыгууну колдой алышты.
Комментарии