Билим — адамдын канаты атуу ураан менен Орозалы Текеев атындагы жалпы билим берүү мекемесинде башталгыч классынын мугалимдери райондук башталгыч класстарынын мугалимдерине «Түшүндүрүү жана негиздөө», «Сүйлөм түзүү жайылтуу жана бириктирүү», «Көп деңгээлдүү тапшырмалар» аттуу стратегияларды окуучулар менен биргеликте ачык сабак өтүп, тажрыйба алмашуу болду.
Билим — адамдын канаты атуу ураан менен Орозалы Текеев атындагы жалпы билим берүү мекемесинде башталгыч классынын мугалимдери райондук башталгыч класстарынын мугалимдерине «Түшүндүрүү жана негиздөө», «Сүйлөм түзүү жайылтуу жана бириктирүү», «Көп деңгээлдүү тапшырмалар» аттуу стратегияларды окуучулар менен биргеликте ачык сабак өтүп, тажырыйба алмашуу болду.
Бул райондук семинарга USAID долбоорунун Чүй облустук координаторлору келип, долбоор сунуштаган усулдарды мугалимдер окуучулар менен практика жүзүндө кандай колдонуп жатышкандыгын көзөмөлдөө максатында келишип, өтүлгөн семинарга жакшыртуу үчүн сунуштарды жана мыкты жактарын белгилеп, ой бөлүшүп кетишти.
Мектеп директору Бейшекеевна Нурзада Муктарбековна келген катышуучуларга семинардын планы, мектеп тууралуу, мектептин перспективдүү пландарын жана педагогтордун иш аракетери менен таныштырды.
Нурдубаева Г.Т, башталгыч классынын мугалими 1-класстын окуучулары менен «Түшүндүрүү жана негиздөө» «1ди кемитүү жадыбалы» темасында.
Сариева Н.А., башталгыч классынын мугалими 2-класстын окуучулары менен «Сүйлөм түзүү, жайылтуу бириктирүү», усулун «Сөз жана сүйлөм» темасында.
Туйтуева А.Э. башталгыч классынын мугалими 1-класстын окуучулары менен «Түшүндүрүү жана негиздөө» усулун «Мисал жана маселе менен иштөө» темасында, окуучулар менен практика жүзүндө көрсөтүп беришти. Анда окуучулар активдүү катышып, мугалимдердин берген тапшырмаларын так туура аткарышып, логикалык жана божомолдоо суроолоруна жооп берип жатышты. Өтүлгөн сабактар өз максатына жетип, келген башталгыч класстардын мугалимдери үчүн пайдалуу тажырыйба алмашуу болду.
Алымкулова Ф.М., 3-класстын окуучулары жана ата-энелери менен биргеликте «Ата-энелик сүйүүнүн даанышмандыгы», темасында класстан тышкаркы мыкты деңгээлде иш чара өткөрдү. Биринчи бөлүгүндө ата-энелер жомок окуп, аны балдары менен биргеликте чечмелеп, ой жүгүргүзүп, мугалим тарабынан берилген суроолорго жооп беришти, экинчи тапшырмасында ата-энелерге анкета тапшырылып, анда баланыз менен биргеликте китеп окуйсузбу? Үй тапшырмасын биргеликте аткарасызбы? ж.б. ата-энелер үчүн суроолор түзүлгөн. Максаты ата-эне менен баланын ортосундагы жакындык, баласына дайыма китеп окуп туруу, окуусуна көңүл буруу жана мектеп менен байланышта болдуу.
Сариева Н.А. райондун башталгыч классынын мугалимдери
«Ар бир бала гений», аттуу темада мини тренинг өткөрдү, тренингтин максаты ар бир балага туура дифференцациялык мамиле кылуу менен сапаттуу билим берүүгө багытталды.
Райондун усулчулары тарабынан Өзүбекова Н.А., Тологонов Б.М., «Математика сабагына план түзүү формасы» темасында мини тренинг өттүү менен ар бир сабакты туура пландаштыруу менен теманын максатына жетүү жана окуучуларга эффективдүү жеткирүү усулдарын сунушташты.
Жыйынтыгында келген катышуучулар өз ойлору менен бөлүшүшүп, тажрыйба алмашууда максатында О.Текеев атындагы жалпы билим берү мекемесинин башталгыч класстары боюнча өтүлгөн семинар пайдалуу жана иш тажрыйбасында колдонуу үчүн мыкты маалыматарды семинардан ала алагандыктарын айтышып мектеп администрациясына жана мугалимдерге ыраазычылыктарын билдиришти.
Комментарии